Марал Радиосу

Мамлекеттик тилге жасалган өгөй мамиле

Бүгүн, 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 32 жыл толду. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө каалоо гана керек экенин, үлгү болуу үчүн учурда эне тил маселесине олуттуу мамиле жасалып, документтердин баарын кыргыз тилинде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп жатканын айтты. Ал эми тилчилер кыргыз тилине мамлекеттик тил күнүндө гана көңүл бурулуп, калган күндөрү унутулуп каларын айтып келишет. 

1989-жылы 23-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Тилчилердин баамында, учурда кыргыз тили алсызыраак болуп, орус тили үстөмдүгүн бербей келет.

Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн ал саясатта да, илимде да, өз ара пикир алмашууда да биринчи орунда турушу керек деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Ал мамлекеттик тилдин учурдагы негизги үч көйгөйүн айтып берди:

«Биринчиси, Орусияга көчүп кеткендердин алды неберелүү болду. Баласы кыргыз тилин жарым-жартылай билет, небереси билбейт. Ушунтип отуруп жакынкы 10 жылда өзү кыргыз, бирок кыргыз тилин билбеген бир миллион кыргыз пайда болушу мүмкүн. Бул — чоң руханий коопсуздук маселеси. Азыркы хакастардай болуп калуу коркунучу бар. Хакас деген улут бар, бирок тилин жоготуп, 60-70 миңдей эле калышты. Ошондой бир миллион кыргыздын пайда болушун мен каалабайт элем. Экинчиси, интернетте жаңы кыргыз тили пайда болду. Фейсбук, Инстаграм, Тик-токто өтө кыска, орой, анча-мынча орусча, англисче, анча-мынча уят сөз кошулат. Бул жаштардын арасында тез таркап жатат. Азыр бала бакчадан баштап баары интернетти кучактап уктап калышпадыбы? Күнүмдүк турмуш ошо менен болот да, демек биз интернеттин жаңы сабаттуу, маданияттуу, көркөм, кыска, так жаңы интернет кыргыз тили пайда болушу керек. Биздин мамлекеттик тил комиссиясы ошону ойлонушу керек. Биздин кичинекей неберелерибиз жалаң орусча мультфильм көрүп калды, Мамлекеттик тил комиссиясы кайсы мультфильм тез жайылып баратса, ошону кыргызчалашы керек.»

Каныбек Иманалиев ошондой эле ааламдашуу ыкчам маалымат чогултуу мүмкүнчүлүгүн бергендигин айтып, бирок аны менен кыргыз тили тебеленип, жаңы, орой тилге айланып бара жатканын кошумчалады.

Учурда кыргыз тили көчө тилине айланып баратканы бир көйгөй болсо, кыргыз тилинде ката жазуу кадыресе көрүнүшкө айланып баратканы экинчи бир көйгөй экендигин тилчилер белгилейт. Шаардагы сырткы көрнөк-жарнактарда кетирилген каталар, мекемелердин туура эмес жазылган аталыштары коомчулукта көп талкуу жаратып келет.

Адабиятчы, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаеванын пикиринде, сабатсыздык кыргыз коомун кара тумандай каптап жатат.

«Сабатсыздык мыйзамдарда, жарлыктарда, токтомдордо кетип жатат. Мисалга, зоо илимдери эки сөздөн турса да экөө биригип, бир гана тамгасы чоң тамга менен жазылат деген эреже бар. «Аккула» ат майданы же болбосо Акмарал дегендер. Өткөндө көлгө барсам, экөөнү тең чоң тамга менен жазып, ортосуна дефис коюп алыптыр. «Аккула» ат майданын бирде бирин чоң кылат, бирде экөөнү тең чоң кылат, бирде дефис коет, бирде бириктирип жазат. Эми ушуга көңүл бурган эч бир киши жок. Муну эми жергиликтүү башкаруу уюмдарынан баштап, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинетине чейин карашы керек. Дагы бир мисал, «Манас» аэропортунда «эл аралык» деген жазуу 2004-жылдан бери оңдолбой турат. Эреже менен таптакыр туура келбейт, мындай мисалдар менде өтө эле көп. Анткени мен дайыма ушул маселенин үстүндө иштейм. Ошондуктан бул көз караштан алып караганда, тилге болгон мамиле канааттандырбайт. Иштей турган жумуштар абдан көп. Депутаттардын арасында, ал тургай жогорку билимдүү, илимдин докторлорунун арасында эрежелерди бузуп жазгандар абдан көп. Бул боюнча бир нече макала жазып, жыйындарда айтып жатабыз, бирок эмнегедир жетпей жатат. Бүгүнкү кыргыз эмнегедир ката жазгандан уялбай калды. «Ушинтип отурсак, кийинки муун такыр эле сабатсыз болуп калабы?» — деген коркунуч бар». 

Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жакшы эле пландар түзүлүп, иш-аракеттер башталып, бирок аягына чыкпай келгендигине тилчи, профессор, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков кейийт. Ал мамлекеттик тилди сактап калуу үчүн ар бир атуулду аракет кылууга чакырат.

«Эми мамлекеттик тилдин төрт тарабы түгөл жакшы ишке ашып кетиши үчүн ар бир атуул өзү аракет кылышы керек. Өзүнүн эне тили, ата-энеден келе жаткан салт-жөрөлгөнү сактап калуу үчүн ар бирибиз аракеттенели. Биз жалпы эл мамлекеттик тил маселесин колдошубуз керек. Эл өзү бала-бакырасын эне тилде тарбиялап, ошол тилде сүйлөп, ошол тилдеги рухий дөөлөттөрүбүздү балдарыбыз сиңире тургандай мамиле кылышыбыз керек». 

Эл өкүлү Каныбек Иманалиевдин маалыматы боюнча, дүйнөлүк эталон болгон тилдерде (француз, португалия, италия, немис ж.б.) 50-60 миң сөз жигердүү колдонулат, орус тилиндеги Ожеговдун сөздүгүндө 57 миң сөз, а биздин түшүндүрмө сөздөр эле 85 миң сөз, Жээнбай Мукамбаевдин диалектологиялык сөздүгүндө 32 миң сөз бар. Бардыгы 117 миң сөз. Демек, кыргыз тили — түрк тилдеринин арасында гана эмес, бүт дүйнөдөгү бай тилдердин бири.

Exit mobile version