Марал Радиосу

Кыргызстанда 17-18 млрд сом капиталы менен турукташтыруучу фонд түзүлөт

Кыргызстанда 17-18 млрд сом капиталы менен турукташтыруучу фонд түзүлөт. Бул тууралуу Экономика жана өнөр жай министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев өлкөнү 2021-2026-жылдарга өнүктүрүү программасын талкуулоо учруунда билдирди.

Бул бюджеттин жалпы чыгымынын 10%ын түзөт. Фонддун негизги багыты экономиканы колдоо жана калыбына келтирүү боюнча ыкчам чараларды каржылоо, андан тышкары белгилүү бир процесстерди турукташтыруу болот.

Иманалиевдин айтымында, каржылоо булагы бюджеттин кошумча кирешеси болот жана салык процедураларын фискалдаштыруу аркылуу түзүлөт.

Exit mobile version