Руслан Казакбаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана АКШнын мамлекеттик катчысынын «С5+1»форматындагы жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда аймактык коопсуздук, Ооганстандагы кырдаал жана экономикалык байланыштар талкууланган.
Казакбаев Ооганстан менен иштешүү маселесинде аймактагы өлкөлөр бирдиктүү ыкма иштеп чыгуу керектигин белгилеген. Ошондой эле ал мөңгүлөрдүн эриши, уран калдыктарын сактоочу жай, соодадагы тоскоолдуктар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүү сыяктуу маселелерде бирге иш алып барууга чакырган.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Борбор Азия – АКШ» форматындагы кызматташууну улантууну макулдашкан.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынган.