Бүгүн, 23-сентябрь — «Мамлекеттик тил» мыйзамы кабыл алынган күн. Анын быйыл 32 жылдыгы белгиленип жатат. Бул мааракеге карата өлкөдө бир катар иш-чаралар өтөт.
1989-жылы 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.
Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.