Марал Радиосу

Дордой конушунда 140 орундуу бала бакча салына баштады

Дордой конушунда 140 орундуу бала бакча салына баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бала бакча үчүн 0,57 га жер бөлүнүп, аны курууну «Монолит строй» компаниясы конкурстан утуп алган.

Имараттын курулуш иштерине кеткен жалпы чыгым Бишкек мэриясынын эсебинен каржыланат.