Марал Радиосу

«Путин менен Рахмондун келишпестиги Ооганстанга байланыштуу болушу мүмкүн»

Путин менен Рахмондун ортосундагы келишпестик Ооганстандагы саясатка байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай пикири менен саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Анын айтымында, Орусия «Талибан» менен кепке келишкени белгилүү.

«Ал эми Рахмондун позициясы 180 градуска карама-каршы. Ал биздин региондогу «Талибан» менен кандайдыр бир диалогго баруудан, аларды таануудан баш тартып жаткан — жападан жалгыз президент. Ооганстан калкынын 46%ы тажиктер экени айтылууда. Рахмон өзүн Тажикстандагы гана тажиктердин эмес, Ооганстандагы тажиктердин да улуттук лидери катары эсептейт. Ал  улуттун коргоочусу, Ооганстандагы тажиктердин коргоочусу позициясын ээлөөдө. Ошол себептен ал көбүрөөк Панжшер каршылыгын колдоп жатат», — дейт саясат талдоочу.