Марал Радиосу

Туманов: «Центерра» биздин бийлик менен аргасыз сүйлөшүүгө барат

«Центерра» компаниясы Кыргызстандын бийлиги менен аргасыз сүйлөшүүгө барат. Мындай оюн тоо-кен өнөр жайы боюнча адис Алмаз Туманов билдирди.

Ал 15-сентябрда Нью-Йорктогу соттун «Центерранын» арызын четке кагып, Кыргызстанга күн сайын 1 млн доллар айып салуу өтүнүчүн канааттандырбай койгону жакшы жагдай болду деген пикирде.

«Бул адилеттүүлүктүн чоң белгиси болду деп эсептейбиз. Дүйнө жүзүнө «бизди басып алды, тоноду» деген маалыматтар чыгып жаткан. Чынында андай болбоптур. Мамлекет сырттан башкаруу киргизип, эч нерсени басып албай, түшкөн пайданы ар бирине бөлүп берип жатканын далилдегендиктен адилеттүүлүк жеңип чыкты деп эсептейм», — дейт ал.

Туманов «Центерра» компаниясы Кыргызстандын бийлиги менен аргасыз сүйлөшүүгө барып, эсептешүүгө туура келерин түшүндү деген ойдо.

«Бул тоо-кен тармагында иштеген башка компанияларга сабак болот», — деди ал.

Анын пикири боюнча «Центерра» менен бир пикирге келе албай, соттошо турган болсо, Кыргызстан бул иште ута алат. Себеби «Центерра» экологиялык талаптарды бузуп, «Кумтөр» боюнча келишимде коррупция болгон.

Аны менен бирге ал «Кыргызалтын» ишканасынын Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарылышы боюнча оюн айтып, ал олуттуу маселе экенин билдирди.

«Анткени Кыргызстандын өкмөтү LBMA брендин алуу үчүн көп эмгек кылган, аны колдон чыгарбашы керек. Ал кыргыз алтынынын сапатын тастыктайт, алтынды дүйнөлүк рынокко жана кымбат баада сатканга мүмкүнчүлүк берет. Бул маселени тез арада чечүү зарыл», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.