Марал Радиосу

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму башталды

Бүгүн, 21-сентбярда Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму башталды.

Форумдун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдары тажрыйба алмашып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле ишкерлер үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурулат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана Өзбекстан Олий Мажлисинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Норбаева катышууда.

Форум «Орион» мейманканасында өтүп жатат.