Марал Радиосу

Акыркы суткада коронавирустун 89 жаңы учуру катталды

21-сентбярга карата Бишкекте эки адам коронавирус илдетинен каза тапты. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 2 миң 592ге жетти.

Акыркы бир суткада коронавирустун 89 жаңы учуру катталды. Анын ичинен Баткен облусунда медициналык кызматкерден аныкталды. Пандемия башталгандан бери 177 869 адамга вирус жукту.

Бир суткада 6 медициналык кызматкер айыкты. Медиктердин арасынан 6 миң 815 учур катталып, анын 6 миң 605и айыккан.

Ооруканаларда 571 бейтап, үй шартында 865 адам дарыланууда.

Exit mobile version