Марал Радиосу

Жапаров ЮНЕСКОнун регионалдык өкүлү Криста Пиккатты кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча кеңсесинин (ЮНЕСКО) Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алды.

Анда Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосундагы билим берүү, илим, ошондой эле маданий мурас жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенцияны кабыл алып, аны дүйнөлүк коомчулукта сактоо жана өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап жатат.

Президент ошондой эле кыргыздын салттуу көк бөрү оюнун, тогуз коргоол жана мангала интеллектуалдык-стратегиялык оюндарын ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүүдө Криста Пиккаттын кошкон маанилүү ролун белгиледи.

Анын айтымында, учурда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана ЮНЕСКОнун адамзатынын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргызстандын бир элементи — Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси болгон «Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору» объектиси, трансулуттук номинацияда, ошондой эле «Саймалуу-Таш» аскадагы сүрөттөрүн улуттук номинацияда киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Кыргызстан үчүн бул иш-чаралар өтө маанилүү жана алар ЮНЕСКОнун колдоосуна, анын ичинде усулдук жана гранттык жардамга муктаж.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан учурда «Ысык-Көлдүн түштүк жээги» номинациясын ЮНЕСКОнун Геопарктар глобалдык түйүнүнө киргизүү үчүн даярдык көрүп жатканына токтолду.

Өз кезегинде, Криста Пиккат Ош облусунун Өзгөн шаарында өткөн «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына өзүнүн катышуусун канааттануу менен белгиледи.

Мындан сырткары, ал Кыргызстан демилгелеген «Кыргыз жараны» программасын колдоого уюм кызыкдар экенин кошумчалады.

Exit mobile version