Марал Радиосу

УКМК: Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө Туйгунаалы Абдраимовдун жогорку кызматтарда турган учурунда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мыйзамсыз байыганы, Бишкек шаарынан, Чүй облусунан айлыгынан алда канча жогору турган үй-жай, унаа жана башкаларды сатып алганы, андан тышкары Кыргызстандын айрым коммерциялык банктарына каржылык инвестиция салганы аныкталган.

Ошол эле учурда ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн мүлкүн башка адамдардын атына жаздырган. Тагыраагы, Туйгунаалы Абдраимовдун туугандарына жана жакындарына 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 унаа, ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында толук салынып бүтө элек имараттар катталган. Бул мүлктөрдүн жалпы суммасы 250 миллион сомдон ашык акчага бааланды.

УКМК чогулткан материалдардын негизинде бул иш сотко чейинки тергөөгө Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (мыйзамсыз баюу) менен катталып, кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоо иштери жүрүп жатат.