Марал Радиосу

Жээнбеков: Саясатчыларды куугунтуктаган бардык бийлик туңгуюкка такалган

Бир да мамлекет, бир да авторитардык бийлик саясатчыларды, оппоненттерди, жарандык коомду, журналисттерди куугунтуктоо менен ийгиликке жеткен эмес. Мындай пикирин абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүнкү Кой-Таш окуясы боюнча болгон соттук отурумда билдирди.

Жээнбековдун айтымында, саясатчыларды куугунтуктаган бийликтин бардыгы туңгуюкка келип такалган.

«Канчалык басым жасаса, ошончолук бийликтин өзүнө азап болот бардыгы», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовду үй камагына чыгарууну, ордуна өзү кепил катары отуруп берүүнү өтүнгөн.

Эске салсак, бүгүн, 20-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум болуп, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев, Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана экс-депутат Равшан Жээнбеков алып келинген.