Марал Радиосу

Күрөш боюнча Дүйнө биринчилигине Кыргызстандан 15 балбан барат

Күрөш боюнча Дүйнө биринчилигине Кыргызстандан 15 спортчу барат. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) барат.

Грек-рим күрөшүнөн Сардарбек Конушбаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Марлен Асыкеев (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Бексултан Махмудов (97 кг) катышат.

Ошондой эле эркин күрөштөн Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Алибек Осмонов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Арсалан Будажапов (79 кг) барат.