Марал Радиосу

COVID-19га каршы эмдөөнү кимдер алууга болбойт?

Коронавируска каршы эмдөө алууга болбой тургандардын атайын тизмеси түзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев брифингде билдирди.

Ал белгилендей, төмөндөгү жагдайларда вакцина алууга болбойт:

  1. Кош бойлуу же бала эмизип жаткан келиндер;
  2. 18 жашка чейинкилер;
  3. Вакцинага же вакцинанын курамындагы кошулмаларга аллергиясы барлар;
  4. Өтө катуу аллергиясы барлар, маселен, анафилактикалык шок же ак шишик (отёк Квинке) сыяктуу.

Ошол эле учурда өтө катуу ооруп жаткандарга жана өнөкөт дарты козголуп тургандарга каксыз айыккандан 2-4 жумадан кийин эмдөө алуу сунушталат.

Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин кандайдыр бир терс таасири байкалса, экинчи дозасын алууга болбойт.