Марал Радиосу

Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо президенттикке талапкерлигин коет

Филиппиндик кесипкөй мушкер жана сенатор Мэнни Пакьяо 2022-жылы өтө турган шайлоодо президенттикке талапкерлигин коет.

Аны президенттикке талапкер катары өлкө парламентиндеги «Филиппин демократиялык партиясы – Элдин күчү» фракциясы көрсөттү.

Мэнни Пакьяо сегиз салмак ченинде дүйнө чемпиону боло алган биринчи жана жалгыз спортчу. Ал кесипкөй бокста 72 беттеш өткөрүп, 62 жолу жеңишке жеткен. Ошондой эле сегиз жолу жеңилип, эки жолу тең чыккан.

Эскерте кетсек, Филиппинде президенттик шайлоо 2022-жылы 9-майда өтөт.