Марал Радиосу

Нарын: Жол кырсыктан жети адам жабыркады

Нарын облусунда жол кырсыктан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 19-сентябрь саат 14:45 чамасында Кочкор-Чаек унаа жолунда, Кызарт ашуусунда болгон. KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy унаасы сүзүшүп, анын кесепетинен 2 эркек, 5 аял ар кандай жаракат алган.

Жерине барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №42 Кочкор райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучусу жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.