Марал Радиосу

Токон Мамытов Орусиядагы шайлоодо байкоочу болууда

Акыйкатчы Токон Мамытов Орусиянын Екатеринбург шаарында депутаттарды шайлоого байкоочу катары чакырылды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Токон Мамытов Орусиянын Адам укуктары боюнча комиссары Татьяна Москалькованын чакыруусу менен барган. Аны менен кошо башка мамлекеттерден барган байкоочулар да катышууда.

17-сентябрда Орусия Мамлекеттик Думасында 12 автономиялык өлкөнүн башчыларын (тогузун эл жана үчөөнү парламент шайлайт) жана 39 аймактын мыйзам чыгаруу органдарынын депутаттарын шайлоо башталган.

Үч күнгө созулган шайлоонун негизги күнү 19-сентябрга белгиленген. Добушканалар 17-18-19-сентябрда эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт.