Марал Радиосу

Бишкекте инклюзивдүү балдар үчүн аянтча ачылат

Эртең, 19 -сентябрда Бишкекте инклюзивдүү балдар үчүн аянтча ачылат.

Бишкек шаарынын «Ротари» клубу «Ынтымак-2» паркында оюн жабдууларын орнотту. Уюм балдар аянтчасын Бишкек мэриясынын балансына өткөрүп берет.

Долбоордун жалпы бюджети 4 млн 400 миң сом. Оюн аянтчасында орус жана түрк өндүрүшүнөн чыккан ар кандай жабдуулар орнотулду.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 30 миңден ашуун майып бала жашайт.