Марал Радиосу

Бир суткада 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус инфекциясына каршы 10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Анын ичинен 3 миң 862 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 252 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча 760 миң 425 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 561 миң 324 жаран экинчи компоненти менен эмделди.