Марал Радиосу

Сооронбай Жээнбеков УКМКда сурак берип жатат

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде суракта экени айтылып жатат.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып жазышты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Сооронбай Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча суралууда.

Экс-президент «Кумтөр» иши боюнча 12-августта да сурак берип чыккан.