Марал Радиосу

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

«Торугарт унаа жолу» жана «Эркечтам унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пункттары 19-21-сентябрда транспорттук каражаттар жана жүк ташуучу унаалар үчүн жабылат.

Өткөрүү пункттары 22-сентябрда Кыргызстан менен Кытайдын транспорт каражаттарын жана товарларды гана өткөрүүнү караган атайын алгоритмге ылайык иштей баштайт.