Марал Радиосу

COVID-19: Акыркы суткада 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 18-сентябрга карата 86 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 177 миң 653кө жетти.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 586га жетти.

Ал эми бир суткада 96 адам сакайып чыгып, жалпы сакайгандар 172 миң 111 киши болду.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 586 бейтап, үй шартында 900 адам дарыланууда.