Марал Радиосу

УКМК Чүйдө курал-жарак, ок-дары сакталган жерди аныктады

Чүй облусунун Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан катылган АК-74 куралы жана калибри 5,45×39 мм болгон ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча ал курал-жарак кылмыш жасоо үчүн камдалган.

Учурда алардын каяктан алынганын жана кимге таандык экендигин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

УКМК курал, ошондой эле ок-дары, жардыруучу заттарды мыйзамсыз сатып алган, саткан, алып жүргөн, сактаган жарандар мыйзамга ылайык жазага тартыларын эскертет. Ошол эле учурда андай курал-жаракты укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын белгилейт.