Марал Радиосу

УКМК: «Центерра» менен «Кумтор Голд Компанинин» жетекчилигине издөө жарыяланды

«Кумтөр» иши боюнча «Центерра» менен «Кумтор Голд Компанинин» жетекчилигине издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, «Центерра» менен «Кумтор Голд Компанинин» жетекчилиги 2013-жылы компаниянын 200 млн долларын өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен деп шектелүүдө.

Бул фактыга байланыштуу «Центерранын» мурдагы президенти Ян Аткинсон, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана президенти Макл Фишер, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» финансы боюнча вице-президенти Джон Сьютерлер сыртынан жоопко тартылып, издөө жарыяланган.