Марал Радиосу

«Акыркы көч» тасмасы Италиядагы кинофестивалга катышат

«Акыркы көч» тасмасы Италиядагы Bari International Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Аталган кинофестиваль 25-сентябрдан 18-октябрга чейин болуп өтөт.

«Акыркы көч» тасмасы кинофестивалдын сынактык программасына тандалып алынган.

Белгилей кетсек, тасманы режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан.