Марал Радиосу

Абакиров: Айылдагы тигүү цехинде окуучулар үчүн ийрим бар

Чүйдүн Кегети айылында ачылган социалдык тигүүчү цехте окуучу кыздар кийим тиккенди үйрөнө алышат. Бул тууралуу «Кыргыз айыл текстиль» долбоорунун негиздөөчүсү, экономист Эльдар Абакиров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал айылда жаңы ишин баштаган тигүүчү цех мектептин жанында жайгашкандыктан, 10-11-класстын кыздарына тигүү ийримин да ачып берип жатышканын айтты.

«Каалоочулар жумасына 3-4 жолу барып, 1-2 сааттан үйрөнсө болот.  Азырынча биз өзүбүздүн тигүүчүлөрдү тажрыйбалуу цехтерге алып барып, үйрөтүп жатабыз. Кийин кесиптик лицейлер менен деле иштешсек деген ой бар. Кыргызстандын азыркы экономикалык өнүгүү этабында бул тармак дагы деле катуу бутка тура турган тармак. Изилдөөлөр боюнча, ИДП адам башына 1000-5000 доллар болгон кезде бул тармак тез бутка турат. 5 миң сом – 25 миң сом. Айылда иштеген эже бул акчаны бир айда эле таба алат. Иштеткен машинкасын бир айда эле кенен актап коёт. Экинчи, үчүнчү айда таза кирешеге өтөт. Болгону ал үчүн туруктуу тапшырык керек, сапаттуу тигип бериши керек», — дейт ишкер.