Марал Радиосу

Бишкек мэри Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир жакын арада берилерин убадалады

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев былтыр октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун эжеси менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушуу учурунда Жунушалиев батирдин берилиши кечиктирилгени үчүн кечирим сурап, аталган маселе 28-сентябрда өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында караларын белгиледи.

Анын айтымында, сессияда мэрия сунуштаган токтом долбоору бекитилгенден кийин батир Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына өткөрүлүп берилет. Ал Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашып, аянты 65,9 чарчы метрди түзөт.

Эскерте кетсек, сентябр айынын башында Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө убада кылынган батирдин бериле электиги коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Ага байланыштуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров батир боюнча тапшырманы былтыр күзүндө эле бергенин, бирок мэриядагы адамдар ал маселени убагында чечпегенин билдирген.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгондор 5-октябрда митинг уюштурган. Милиция митингге чыккандарды күч менен таратууга аракет кылган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу митингге чыккандарды таратуу учурунда каза болгон.

Exit mobile version