Марал Радиосу

Бишкекте Кыргыз улуттук «Манас» театры ачылат

Бишкекте Кыргыз улуттук «Манас» театрын ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча тиешелүү концепция иштелип чыкты.

«Устав, буйруктардын баары даяр болду. Учурда укуктук-ченемдик актылар даярдалууда. Алар бүтсө ишке кирет«, — деди  Аманова.

Аманова ошондой эле «Манас» мектебин түзүү каралып жатканын кошумчалады.