Марал Радиосу

Qazaqstan телеканалы Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасма тартат

Qazaqstan телерадиокорпорациясы Кыргызстандагы кесиптештери менен бирге улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасма тартат. Бул тууралуу аталган телерадиокорпорациясынын төрайымы Ляззат Танысбай билдирди.

Анын айтымында, Айтматов тууралуу даректүү тасма эки элдин тарыхый достук мамилелерин көрсөтүү максатын көздөйт.

Азыркы тапта даректүү тасманын чыгармачыл тобу жазуучу төрөлгөн Таластагы Шекер айылына барып, тартуу иштерин жүргүзүп келген.

Аны менен бирге Ляззат Танысбай Balapan телеканалы кыргызстандык кесиптештери менен бирге космос темасына арналган анимациялык тасманы тартууга даярдык көрө баштаганын айткан.