Марал Радиосу

Кыргызстанда айрым май куюучу жайларда күйүүчү май арзандады

Кыргызстандагы айрым май куюучу жайларда күйүүчү май арзандады. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

14-сентябрда өлкөнүн айрым май куюучу жайларында күйүүчү май 50 тыйынга ылдыйлаган.

Аталган ассоциация күйүүчу майдын 60 күнгө жете турган запасы бар экенин белгилейт. Ал жакын араларда күйүүчү майдын баасын кымбаттатпай кармап турууга шарт түзөт.