Марал Радиосу

Эртеңден тарта «Шамбала» тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлөт

Эртең, 16-сентябрдан тарта «Шамбала» тасмасы Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Аталган тасма бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир нече сыйлык уткан. Алардын ичинде: Калькуттадагы кинофестивалда Артыкпай Сүйүндүковго «Мыкты режиссёр» сыйлыгы берилген, Орусияда «Ника» сыйлыгын «КМШ, Грузия жана Балтика мамлекеттеринин мыкты тасмасы» номинациясында жеңип алган.