Марал Радиосу

Мэрия: Бишкектеги бардык мектепке медпункт ачылган

Бишкек шаарындагы мектептердин баарына медициналык пункттар ачылып, атайын дарыгерлер, медайымдар бекитилген. Бул тууралуу Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова бүгүнкү өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын Бишкек мэриясы түзгөн атайын комиссия текшерип чыккан. Бүгүндөн тарта дарыгерлер, медайымдар окуучулардын, мугалимдердин, жумушчулардын абалын санитардык ченемдердин негизинде тыкыр текшерип турушат.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясынын карамагында 97 орто мектеп бар. Анда болжол менен 170 миңге жакын окуучу билим алып, 7 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Учурда шаардагы мугалимдердин 60%дан ашууну COVID-19га каршы эмдөө алган.