Марал Радиосу

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмделгендер 1 млн 300 миңге жакындады

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмделгендер 1 млн 285 миңге жетти.

Алардын ичинен 747 миңден ашыгы вакцинанын биринчи дозасын, 537 миңден ашууну эки дозаны тең алган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 28-мартта башталган. Учурда өлкөдө Sinopharm, «Спутник V» жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.