Марал Радиосу

Бишкекте 10 күн азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкектеги «Дыйкан» базарында азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт.

18-сентябрдан 28-сентябрга чейин жер-жемиш, эт, сүт жана башка азык-түлүктү арзан баада сатып алууга болот.

Сатыкка чыккан азыктардын сапатына тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан санитардык көзөмөл жүргүзүлөт. Базардын жалпы коопсуздугу, таштанды жыйноо жана санитардык тазалоо, суу, электр энергиясы менен камсыздоо иштерин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана филиалдары ишке ашырат.