Марал Радиосу

Жапаров Британиянын премьер-министрине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго апасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

«Апаңыз Шарлотта Джонсон Валь айымдын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден көңүл айтуумду кабыл алыңыз«,- деп айтылат Жапаровдун сөзүндө.

14-сентябрда Улуу Британиянын премьер -министри Борис Жонсондун апасы, сүрөтчү Шарлотта Жонсон Вал 79 жашында каза болду.