Марал Радиосу

Дубай жана Гуанчжоу шаарларына башкы консулдар дайындалды

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай жана Кытайдын Гуанчжоу шаарына жаңы башкы консулдарды дайындады.

Президенттин жарлыгына ылайык, Тимур Абдижалил Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулу болду.

Ошондой эле Искендер Орусбаев Гуанчжоу шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулуп, анын ордуна Хомени Эргешов дайындалган.