Биз менен байланышыңыз

Байдендин сөзүнөн улам Тажикстан АКШ элчисине нота тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 1494 | 0

АКШ президенти Жо Байдендин Тажикстан тууралуу айткан сөзүнө нааразы болгон өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчи Жон Марк Поммершаймга каршылык нотасын тапшырды.

Тажикстан Тышкы иштер министрлиги Жон Марк Поммершаймды чакырып, Байдендин сөзү достук жана өнөктөштүк маанайга туура келбей турганын, Тажикстан АКШ менен эки тараптуу алаканы арттырууга кызыкдар экенин белгилеген.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда Байден Ооганстандагы Кабул аэропортунда бир нече адам учакка жармашып каза болгон окуя тууралуу айтып жатып, «Эгер АКШ тарапташтарын Тажикстандан чыгарса да бул окуя кайталанмак», — деген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM