Марал Радиосу

COVID-19: Владимир Путин обочолонуп иштөөгө аргасыз болууда

Орусия президентинин айланасындагы адамдардын COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Буга байланыштуу Владимир Путин обочолонуп иштөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу ал Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон телефондон сүйлөшүүсүндө айтты.

Ошондой эле Орусия президенти кырдаалдан улам ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУнун мамлекет башчыларынын жыйынына онлайн катышарын маалымдады.

Өлкө башчылары андан тышкары эки тараптуу кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал боюнча аңгемелешти.