Марал Радиосу

«РСК Банк» маалыматтарды сактоо системасын 23,2 млн сом сатып алат

«РСК Банк» маалыматтарды сактоо системаларын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендер бүгүн, 14-сентябрда жарыяланды. Арыздар 28-сентябрга чейин кабыл алынат.

Маалыматтарды сактоо системасын сатып алууга 23,2 млн сом сарптоо пландалган.