Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 82 кишиден табылып, 2 адам каза болду

Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 385 | 0

Кыргызстанда 13-сентябрга карата коронавирус дагы 82 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда –19, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 16 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 650 киши айыгып чыкса, 2 миң 576 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM