Ош шаарындагы Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Театрдын имаратын толугу менен оңдоп чыгуу пландалууда.
Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы макулдашууга ылайык, оңдоо иштерине Өзбекстан 5 млн доллар берет.
Театрдын имараты келерки жылдын башына чейин оңдолуп бүтөт.