Марал Радиосу

Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

Бүгүн, 13-сентябрда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары жеке коргонуучу каражаттар келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Гуманитардык жардамдын ичинде 3 млн медициналык беткап, 100 миң №95 беткабы жана 20 миң коргонуучу кийим бар. Аны саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов тосуп алды.

Бектурганов көрсөтүлгөн жардам үчүн Кытай элине ыраазычылык билдирди.