Марал Радиосу

Өзбекстанда оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 7-17-декабрда оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Мындай чечимди Эл аралык оор атлетика федерациясынын аткаруучу комитети кабыл алды.

Мындан мурда чемпионатты Перунун борбору Лима шаарында өткөрүү пландалган.

Ошондой эле 20-21-декабрда федерациянын жыйыны өтүп, анда уюмдун жаңы жетекчиси шайланат.