Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 12 млрд 152 млн куб метр суу бар

13-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 152 млн куб метрди түзүүдө. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Суунун агып келиши секундасына 316 куб метр, агып чыккан суунун көлөмү 185 куб метрге жетүүдө.