Марал Радиосу

Судьялар арасында өткөн футболдук турнирде Ош облустук соту чемпион болду

11-12-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жогорку Соттун төрагасынын Кубогу үчүн өткөрүлгөн судьялар аралык кичи футбол турнири аяктады. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Турнирди Жалал-Абад облустук соту уюштуруп, ага 7 облустун жана Бишкек шаарынын соттору катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ош облустук соту, 2-орунду Талас облустук соту, 3-орунду Баткен облустук соту алды. Булардан тышкары «мыкты дарбазачы», «мыкты оюнчу», «мыкты чабуулчу» номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө атайын белек жана акчалай сыйлык берилди.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттун төрагасынын Кубогу үчүн футболдук турнир 2018-жылдан тарта уюштурулуп келет. Алгач Ысык-Көл облустук соту, 2019-жылы Чүй облустук соту уюштурган. 2022-жылда боло турган мелдешти Бишкек шаардык соту уюштура турган болду.