Марал Радиосу

Бишкекте кыргыз-түрк «Маариф» билим берүү комплекси ачылды

10-сентябрда Бишкек шаарында кыргыз-түрк «Маариф» билим берүү комплексинин ачылыш салтанаты болду. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.

«Маариф» билим берүү комплексин ачуу тууралуу келишимге Билим берүү жана илим министрлиги жана «Маариф» түрк фонду тарабынан 2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган.

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемеси 400 окуучуга эсептелген, мында 53 педагог эмгектенмекчи. Окутуучулар курамынын көпчүлүгү – бул жогорку деңгээлдеги жергиликтүү адистер.

Учурда дүйнөнүн 44 өлкөсүндө 300дөн ашуун «Маариф» билим берүү мекемелер тутуму иш алып барууда, анда болжол менен 43 миң окуучу билим алууда.