Марал Радиосу

Депутат: Баткендиктер Бишкектен жер алууга жардам сурап кайрылышууда

Баткен облусунун тургундарын сурамжылоодо ар бир экинчи респондент Чүй тарапка көчүп кетүү ниетин билдирген. Бул тууралуу «Инсан Лейлек» коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аймактын чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары өздөрүн коопсуз сезишпейт. Алар абалдан чыгуунун 2 жолун гана көрүшөт: ички мигрант болуп, Бишкектин жаңы конуштарына, Сокулук, Жайыл райондоруна көчүп келүү, же тышкы миграцияга кетүү.

Анын бул сөзүн Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова дагы тастыктап, өзүнө эл өкүлү катары бир катар баткендиктер кайрылып, Бишкектин айланасынан жер алууга көмөктөшүүнү суранганын билдирди.