Марал Радиосу

Си Цзиньпин: Кытай менен АКШнын тиреши бүт дүйнөнү коркунучка кептейт

China's President Xi Jinping speaks with Japan’s Prime Minister Shinzo Abe (not pictured) during a meeting at the Great Hall of the People in Beijing, China, December 23, 2019. Noel Celis/Pool via REUTERS

Бээжин менен Вашингтондун тиреши эки өлкөнү гана эмес, бүтүн дүйнөнү коркунучка кептейт. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзиньпин АКШ президенти Жо Байден менен телефондон сүйлөшүү учурунда билдирди.

Маектин жүрүшүндө АКШ менен Кытайдын лидерлери эки өлкөнүн кызматташуусун жана ортодогу талаш жараткан маселелерди талкуулаган. Си Цзиньпин ички мамиленин жакшырышы эки өлкөгө эле эмес, бүтүн дүйнөгө пайдалуу болорун айткан.

«АКШнын Кытайга карата жүргүзүп жаткан саясаты Кытай-Америка алакасына кыйынчылык алып келди. Бул биздин элдин жана дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин кызыкчылыгына туура келбейт», — деген ал.

Аны менен бирге ал Бээжин менен Вашингтон саясий эрк көрсөтүп, эки өлкөнүн мамилесин жакшыртышы керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, АКШ Кытайды киберкоопсуздук, Синьцзян-Уйгур автоном районундагы саясаты жана башка маселелер боюнча сынга алып келет. Бир катар кытайлык компанияга санкция киргизген. Мындан улам эки өлкөнүн мамилеси солгундай түшкөн.