Марал Радиосу

Казакстан Ооганстандан 35 этникалык казакты тарыхый мекенине кайтарды

Бүгүн, 10-сентябрда Казакстан Ооганстандан 35 этникалык казакты тарыхый мекенине кайтарып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Казакстандын Коргоо министрлигинин атайын учагы Ооганстандан Алматыга жалпы 41 адамды алып келген. Алардын ичинде 35 этникалык казак, 4 Казакстандын, 1 Кыргызстандын жана 1 Ооганстандын жараны бар.

Өлкөгө алынып келгендер карантиндик эрежеге байланыштуу убактылуу обочолонууда болот.

Эскерте кетсек, Ооганстанда бийликти «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) басып алгандан кийин казак тектүү өлкө жарандары тарыхый мекенине алып кетүү өтүнүчү менен Казакстандын бийлигине кайрылышкан.

8-сентябрда Касым-Жомарт Токаев ооганстандык казактарды тарыхый мекенине кайтаруу маселеси караштырылып жатканын билдирген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Ооганстанда 15 түтүн (кожолук) этникалык казак, болжол менен 200 адам жашайт. Диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саны андан да көп.