Марал Радиосу

АРИС: Кемин райондук ооруканасынын инфекциялык бөлүмү оңдоодон өттү

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырып жаткан «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кемин райондук ооруканасынын инфекциялык бөлүмү оңдоодон өткөрүлдү.

Оңдоп-түзөөдөн кийин инфекциялык бөлүмдө эл жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Инфекциялык бөлүм 1968-жылы салынып, акыркы 15 жыл ичинде эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Имараттын аянты 930 чарчы метрди түзөт. Оңдоо жана башка иштерге 17 млн 926,2 миң сом жумшалган. Анын ичинен донор грант катары 17 млн 274,9 сом, ал эми райондук администрация 896,3 миң сом бөлгөн.

Белгилей кетсек, «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланат.

«Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоору 2017-жылдан бери Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Бюджети 11 млн долларды түзгөн бул долбоор жакырчылыкты жоюу жана аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну максат кылат. Долбоор 2017-2021-жылдар аралыгында ишке ашырылат.

Exit mobile version